Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 21.08.2018 09:53

Жалал-Абадда Курман айт намазы экс-муфтий Ч.Жалиловдун катышуусунда окулду (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 21-августта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында 40 миңге чукул адам Курман айт намазын окуду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Айт намазын окууга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, мэр Мураталы Тагаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана эл өкүлү Бакыт Төрөбаев катышып, элге каалоо-тилектерин айтышты.

Чубак ажы Жалилов элди ашыкча ысырапкерчиликтен арылууга чакырды.

Жалал-Абад облустук мусулмандар казыятынан маалым болгондой, облус боюнча жалпы 634 мечит бар болсо, анын ичинен 632 мечитте Айт намазы окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×