Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.08.2018 14:07

1-сентябрь күнү Жалал-Абад облусунун аймагындагы окуучуларды унаалар акысыз ташыйт

Turmush -  Жалал-Абад облусунун аймагында 1-сентябрь — Билим күнүндө окуучуларды акысыз ташуу акциясы өтөт. Учурда буга карата айдоочулар арасында түшүндүрүү, үгүттөө иштери жүрүп жатат.

Кечээ, 17-август күнү Жалал-Абад ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги Т.Бекбергенов, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри У.Маматов жана шаарга, шаардан сырткаркы аймактарга каттаган жүргүнчү ташуучу коомдук транспорт уюмдарынын жетекчилери, агенттик жана автобазалардын жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөн. Анда жол коопсуздугун көзөмөлдөөчүлөр жаңы окуу жылдын башталышына карата жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты. Ошондой эле 1-сентябрь күнү шаарда жана облустун бардык аймактарында 1-класстан 11-класска чейинки окуучуларды акысыз ташуу боюнча акцияга активдүү катышууга чакырык ташташты. Ал эми бул демилгени бардык жетекчилер колдой турганын айтып, кубатташкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×