Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.08.2018 17:14 На русском

Кытайдын делегациясы таңгак чөп менен көмүрдүн экспорттолушуна кызыкдар (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун биринчи вице-губернатору Жаң Чиянь баштаган делегацияны кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуулар талкууланды.

Маалым болгондой, Кытай тараптан келген делегация таңгак беде чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жана көмүрдү экспорттоого кызыкдар экендигин белгилешти жана жергиликтүү ишкерлерин жөнөтө турганын айтышты.

Алардын ырастоолорунда, эгер экспорттоо жолго коюлуп калса, жылына 200 миң тонна көмүр коңшу өлкөгө жиберилет. Бул демилгени М.Акматов колдой турганын айтып, ишкерлерди тосуп алууга даяр экенин билдирди.

«Бул сүйлөшүүлөр буюрса оң тарабына чечилет деп үмүт артып жатабыз», - деди М.Акматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×