Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.08.2018 13:33 На русском

ЕАЭБ өлкөлөрүнө баңгизат жөнөтүү менен алектенген адамдардын бири кармалды

Turmush -  Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан баңгизат алып бара жаткан киши кармалды.

Аталган ведомствонун маалыматына караганда, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы багытталган оперативдүү иштердин жүрүшүндө Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан кочкул жашыл түстөгү, спецификалык жыты бар зат алып бараткан жаран кармалган.

Ал буга чейин соттолгон Кыргызстандын жараны экени аныкталып, соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган зат 1,2 кг салмактагы гишиш экендиги такталган.

Кармалган жаран Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө баңгизаттарды жөнөтүү менен алектенген фигуранттардын бири болгон. Бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБ тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×