Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Фото, видео — Жалал-Абад шаарында 170 кожолук 2 айдан бери суусуз калды

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов атындагы аймагында 170 кожолук суусуз калды. Бул тууралуу шаар тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, буга чейин эки күндө бир чыгып турган суу эки айдан бери таптакыр чыкпай калган. Мындан улам жашоочулар шаардык «Жалал-Абад сууканал» башкармалыгына бир нече жолу кайрылган, бирок жыйынтык чыккан эмес.

«Эки айдан бери бизден суу чыкпайт. Айлабыз кетип, «Жалал-Абад сууканал» ишканасына бардык. Алар "макул, суу чыгарып беребиз" деген бойдон дайынсыз. Айлабыз куруду, баарыбыз суу издеп жүрөбүз. Анысы аз келгенсип, ичпеген суубузга акча төлөйт экенбиз, суунун дүмүрчөгү тынбай келет.

Түнү менен суунун чыгышын күтөбүз. Суунун жоктугунан кыйналып кеттик», - деди шаар тургуну Разияхон Жакбарова.

Буга чейин тургундар күнүмдүк жашоосуна керектелүүчү сууну жол боюндагы түтүкчөлөрдөн колдонушчу. Эми шаар аймагында туруп, сууну сатып алып ичүүгө аргасыз болгонун жергиликтүү жашоочу Мавлюгүл Бекболотова белгиледи.

«Суу маселеси буга чейин да курч эле, дале чечилбей келет. Өзүмдүн пенсиям 6 миң сом, кан басымым жогору болгондуктан пенсиямдын жарымын дары-дармекке кетирем. Калганын турмуш-тиричиликке керектейм. Эми 1,5 миң сомго суу алып келүүгө аргасыз болуп жатам. Бир унаа суу 1,5 миң сом болуп жатат», - дейт ал.

Жалал-Абад шаарында 7 миллион евролук таза суу долбоору аяктоо алдында турат. Анын алкагында шаардагы ар бир үйгө түтүктөр киргизилип, суу эсептегичтер орнотулат. Бирок бул долбоорго 3 түтүктөн суу ичкен 170 түтүн кошулган эмес.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1186
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×