Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.05.2018 14:19

Жалал-Абаддагы «Өлбөс полк» жүрүшүнө министр Ж.Калилов баштаган жетекчилер катышты (фоторепортаж)

Turmush -  Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы Жалал-Абад шаарында да жогорку деңгээлде белгиленди. Бул саамалык алгач «Өлбөс полк» жүрүшү менен башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Жөө жүрүшкө транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев баштаган мекеме жетекчилери катышып, алар «Эркиндик» аянтынан, ал эми жаштар «Байэл» базарынан тарта «Жеңиш» эс алуу багына чейин келишкен. Алар Улуу Ата Мекендик согушка жана оорукка катышкан чоң ата, чоң энелеринин сүрөттөрүн бийик көтөрүп өтүштү. Ал эми сейил бакта экинчи дүйнөлүк согушка катышкан согуш ардагерлеринин катышуусунда саамалык уланып, ошол убактагы окуялар театрлаштырылды.

Анда транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов да сөз сүйлөп, согуш кайратмандуулукту талап кылгандыгын, ал мезгилдеги кыйын күндөрдү баштан кечиргендерге дайыма таазим болоорун белгиледи. Ошондой эле облус башчысы К.Сатыбалдиев, шаар мэринин милдетин аткаруучу Т.Темирбаев да сөз сүйлөп, өлкөдө тынчтык өкүм сүрүшүн каалашты. Салтанат соңунда согуштун катышуучуларына аскердик ботко берилди.

Жалал-Абадда Улуу Ата Мекендик согушка 30 миңден ашуун адам аттанып, 18 миңдей адам кайра өз мекенине кайтпай калган. Учурда ал апааттуу күндөрдү баштан кечирген 150 согуштун жана ооруктун ардагери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×