Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда Жеңиш күнү 1300дөн ашуун милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт (фото)

Turmush -  Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги К.Жолдошев Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарынын Эркиндик аянтчасында горнизондук саптык жүрүш өткөрдү.

ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ОИИБдин башчысы милиция кызматкерлерин Жеңиш майрамы менен куттуктады. Ал Уулу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган жоокерлерди эскерип, алардын эрдиги эч качан унутулбай тургандыгын белгиледи. Ошондой эле ал жыл сайын согуштун ардагерлеринин саны азайып баратканын, аларды көзү тирүүсүндө сыйлап, урматтоо керектигин айтты.

Мындан тышкары ОИИБдин башчысы Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтчасында жана облустук, райондук, шаардык аянттагы майрам учурунда жалпысынан 1300дөн ашуун милиция кызматкерлери элдик кошуундар менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте иш алып барсын деп буйруду.

Маалым болгондой, май айындагы майрамга карата милиция кызматкерлери түзүлгөн дислокациянын негизинде түнкү 02:00гө чейин бөлүнгөн участкалык жерлерде күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1026
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×