Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 09.05.2018 09:47

«Тынчтыктын кадырына жетели»: Жалал-Абаддагы ардагерлер согушту эскеришти (фото)

Turmush -  Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун катышуучуларынан кабар алып, аларды Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Облус башчы сапарын 8-май күнү Жалал-Абад шаарынан согуш мезгилинде оорукта эмгектенип, ошол мезгилдин кыйынчылыгын баштан кечирген, жашы 100гө таяп калган Кыргызбаев Абдилазден кабар алуу менен баштады. Ошондой эле 1941-1945-жылдарда орун алган апааттуу күндөрдү баштан кечирип, эл жери үчүн өмүрүн тобокелге салып, тынчтык жашоону тартуулоого өз салымдарын кошкон шаар тургуну Акрамов Касымдан, Сузак районуна караштуу Көк-Арт айыл аймагынын Сафаровка айылынын тургуну Мамасалы Жумаевден, Багыш айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары Кадыркулов Абдураим, Атакулов Абжапар аталардан кабар алды.

100 жашка таяп калган аталар ал мезгилди оор үшкүрүк менен, көз жаш төгүп эскеришти. Алар «Согуш болбосун! Тынчтыктын кадырына жетели. Азыр эң сонун заман» деген пикирлерди билдиришип, ак баталарын беришти.

К.Сатыбалдиев аларды Жеңиш майрамы менен куттуктап, өзүнүн фондунан бөлүнгөн акча каражаттарын тапшырды.

Жалал-Абад облусунан согушка 33 миңден ашуун адам аттанган. Учурда дубанда согуштун 62 катышуучусу, оорукта кызмат өтөгөн 90 ардагер калды. Андан сырткары согуштун жана ооруктун катышуучуларынын 380 жесири бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×