Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.05.2018 17:03

Жалал-Абадда «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» сынагынын облустук туру өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка район-шаарлардагы мектептерде биринчи орунду ээлеген жалпы 10 команда катышты. Сынактын жыйынтыгында 3-орунга Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы №78 орто мектебинен «ЮДГ» командасы, 2-орунга Майлуу-Суу шаарынан Ю.А.Гагарин атындагы №4 мектеп- гимназиясынан «Весёлые регулировщики» командасы ээ болсо, 1-орунду Сузак районунун З.Бакиров атындагы №78 орто мектебинен «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» командасы ээлеп, республикалык сынакка жолдомо алды.

«Бул иш-чаралардын негизги максаты — өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу жана ошону менен бирге мектеп окуучуларына жол эрежелерин үйрөтүү болуп эсептелинет», - деди Жалал-Абад облустук ЖККК бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×