Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.05.2018 13:35

Жалал-Абад шаарынын жетекчилери жаштар менен веложүрүшкө чыгышты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Мен атамды жана агаларымды эскерем» аталышындагы веложүрүш болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Веложарышка Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев, Кантөрө Токтомаматов атындагы эл аралык университетинин ректору А.Мамасадыков баштаган бийлик өкүлдөрү катышты. Анда алгач «Байэл» базарынан «Жеңиш» эс алуу багына чейин веложүрүш болду.

Андан соң эс алуу багында «Мен атамды жана агаларымды эскерем» стенди илинип, ага согушка катышып келген ардагерлердин урпактары өз аталарынын ысымын жазып, аларга ыраазычылык билдиришти.

Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун эстелигинин жанында маркумдарга багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×