Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 07.05.2018 12:37

Премьер-министр «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексин ачты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 7-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарында «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалынын модернизациялоодон кийинки имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Өкмөт башчыны өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, «Манас» эл аралык аэропорту акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев коштоп жүрдү.

Өкмөт башчы заманбап шартка ээ болгон имараттын абалын көрүп чыкты. Ошондой эле шаардыктар менен жолугуп, өкмөттүн өз багыттарына токтолуу менен авиатармактын экономикада орду чоң экендигин белгиледи.

«Ырасында эле авиатармактын экономикада ордун чоң болуп турат. Бул тармакта жыл сайын өсүп, өнүгүүлөр орун алып жатат. Жаңыдан компаниялар атааңдаштык менен өнүгүп, учуучуларга жакшы шарттарды түзүү аракетин көрүп жатышат. Бир учурда билет тартыш болчу эле. Азыр андай кыйынчылык жок. Облустардагы авиакаттамдарды жакшыртууга мүмкүн болгон аракеттер көрүлүп жатат. Эгерде авиакаттамдарда жүргүнчүлөр көп жүрсө ошол мамлекеттин өзүнүн элинин турмушу жакшырганынан кабар берет. Былтыр 11 миңге жакын авикаттам болуп, 1944 авикаттамга көбөйгөн. Учакка түшкөндөрдүн статистикасына маани бере турган болсок, 1 миллион 317 миңден ашуун адам учкан. Демек, биздин жарандарыбыздын жашоосу жакшырып бара жатканынан кабар берет. Мындагы жүргүнчүлөрдүн ичинде туристтер да бар. Билесиздер туристтер келсе экономикабызга салым кошот.

Ал эми бул жайда дагы жумушчу орундар түзүлөт. Каттамдар көбөйгөнү жатат. Сиздер үчүн мүмкүн болушунча шарт түзүү аракети көрүлүп жатат», - деди өкмөт башчы.

Өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев алыскы Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондорунун калкы үчүн учурунда иштеп, кийин токтоп калган Кербен аэропортун оңдоп-түзөп берүүнү тийиштүү жетекчиликтен суранып өттү.

Ачылыш аземде аэровокзалдын абалын көрүп чыгышты. Өкмөт башчы менен жолуккан аксакалдар ыраазычылыктарын айтуу менен Маданият—Барпы жолун оңдоону суранышты.

Маалым болгондой, «Жалал-Абад» аэропортун модернизациялоо үчүн жалпы 13 миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Бул жай 1975-жылы пайдаланууга берилген. Андан бери эч кандай капиталдык оңдоо жумушу жүрө элек болчу.

КРнын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловдун белгилөөсүндө учурда Жалал-Абадга күнүнө бирден рейс каттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Мындан тышкары, өкмөт башчы 275 баланын окуусуна ылайыкталган №6 орто мектептеги курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп, жумушту мыйзамдуу жана өз убагында бүтүрүүнү тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×