Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Премьер-министр Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат

Turmush -  Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жалал-Абад облусуна болгон сапарынын алкагында өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат. Мындан тышкары, премьер-министр Араван-Сай дарыясына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 957
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×