Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

Turmush -  Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборундагы жоопкерчиликтүү кызматтагы адамдарга карата мыйзамсыз айлык маяна алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокуратурасынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кылмыш иши КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүмү жана 171-беренесинин 2-пунктунун 4-бөлүмү менен козголгон.

«Облустук прокуратура тарабынан Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медициналык борборуна текшерүү жүргүзүлгөн. 2017-жылдан бери аталган борбордун кызматтык адамдары кызматын кыянаттык пайдаланып, «Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгегин төлөө жөнүндө» жобосунун талаптарын бузуп, борбордун кызматкерлери менен мыйзамсыз келишимдерди түзүү жолу менен 332 миң 80 сомду маяна катары ашыкча алышкан. Муну менен мамлекетке 332 миң 80 сомдук зыян келтирилген. Учурда бул иш боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
×