Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Айыл турмушу: Таштак жерди киреше алып келүүчү жерге айланткан З.Толубаев логистикалык борбор иштетүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын тургуну Замир Толубаев таштак, кумдак, өсүмдүк эгүүгө кыйынчылык жаралган жерди көрктөндүрүп, киреше табууну колго алды. Элеттик дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал суу келбеген, таштак 52 сотых жерди иштетип баштаган. Андагы кайрак жерди иштетүүгө ыңгайлаштырып, андан соң «КамАз» менен 400 жолу же 500 тоннадай топурак төктүргөн. Бул кадамдан кийин күнөскананын курулушун баштоону колго алган. Жашылча-жемишти күнөсканада өстүрүү ыкмасын билүү үчүн Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттерине барып, алардын технологияларын көрүп, үйрөнүп келген.

«Жер таштак болгондуктан топурагын толугу менен каздырып алып, кийин ал жерге топурак төгүлдү. Чет жактан үйрөнүп келген тажрыйбаны колдонуп, күнөскана курулду. Тамчылатып сугаруу жолу менен түшүм алынууда. Биринчи жылы эле помидор менен бадыраң эктим, 3 тоннадай түшүм берди. Эки жылдан бери жакшы эле түшүм алып жатабыз. Быйыл үчүнчү жылы бышкан помидорлорду супермаркеттерге, дүкөндөргө, базарларга жеткирип жатам», - деди дыйкан.

Замир Толубаев күнөсканасын кыш-жаз мезгилинде иштетип, жайдын күндөрү эс алдырууда. Негизинен көмүр менен жылытылгандыктан, быйылкы жылы 400 тоннадай көмүр керектеди. Бир нече жылдан бери бош жаткан жерди иштетүүнү колго алган дыйкан логистикалык борбор да куруп, кыштын күнү мөмө-жемиш сактап жатат.

«Күнөскананы куруп, иш өз ордуна түшүп калгандан кийин 200 тонналык мөмө-жемиш сактоого мүмкүнчүлүгү бар логистикалык борбор курдум. Кыштын күнү ал жерде 60 тонна алма жана 30 тонна шабдаалы сакталды. Негизи күнөскана болгон соң, анын жанында сөзсүз түрдө муздаткыч же болбосо логистикалык болбор болуусу зарыл экен. Былтыр кеч күздө шабдаалынын килограммын 30 сомдун тегеринде сатып алып сактап, кыштын күнү 150-200 сомдон сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Пайдасы жакшы болду, үзүрүн көрдүк. Азыркы тапта да 200 тонналык муздаткыч же логистикалык борбор куруп жатам. Ал жайга дыйкандар түшүмдөрүн сактай алат, ал үчүн ортодо келишим түзөбүз. Ушундай максаттар бар», - деди З.Толубаев.

Быйылкы жылы дыйкан күнөсканага лимон өстүрүүгө басым жасап жатат.

Жалал-Абад облусунда жалпы 700дөн ашуун күнөскана бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1665
Көп окулду
×