Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда үстү ачык кудуктар кооптуулук жаратууда, - тургундар (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө кудуктардын капкактары ачык турганы кооптуулук жаратууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Шаар тургуну Гүлсүм Кочкорбаева бул маселени шаар бийлиги көзөмөлгө алса деген ойдо.

«Биздин дүкөнүбүздүн алдында кудук бар, бирок тилекке каршы анын капкагы жабылган эмес. Ар убак мына ушул жерден кабатырланып отурабыз. Өзүмдүн уулум да ушул тротуар менен мектепке барат, качан байкабай басып, түшүп кетет деп тынчсызданам. Буга чейин да окуучулар байкабай кудукка түшүп кетип, жараат алышкан. Буга окшогон оозу ачык кудуктар шаарда толтура, аны менен эч кимдин иши жок. Кудуктун ичи таштандыларга толуп кеткен, айрымдары таштандылар таштала берип жер менен тегиз болуп калган. Менимче ал жерди тазаласа бир унаа таштанды чыгат», - дейт Г.Кочкорбаева.

Ал эми шаар бийлиги буга чейин кудуктарга текшерүү жүргүзүлүп, оозу ачыктарды жабуу тапшырмасы берилгенин билдиришти.

«Буга чейин биз Жалал-Абад шаардык газ чарба башкармалыгы, «Жалалабатэлектр» ААК, «Жалал-Абад сууканал» башкармалыгы жана «Кыргызтелеком» ишканасынын Жалал-Абад шаарындагы филиалы менен биргеликте шаардагы кудуктарды текшерип чыктык. Ошону менен катар оозу ачык кудуктарды тизмеге алып, ал кудуктар кайсыл мекемеге таандык болсо, ошол мекемелерге тапшырма бердик. Үч күн аралыгында капкактарын жабууну тапшырдык. Ал эми жеке менчиктерге тиешелүү болгон кудуктарды тизмеге алып, аларга кат жолдодук. Капкактарын жабуу иши колго алынат», - деп билдирди Жалал-Абад шаардык курулуш транспорт жана коммуналдык чарба бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Руслан Жунусов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1040
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×