Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 03.05.2018 11:52

Жалал-Абадда Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата «Өчпөс полк» акциясы өтөт

Turmush -  Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Жалал-Абад шаарында «Өчпөс полк» акциясы өтөт. Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, аскердик үйлөмө оркестрдин коштоосунда патриоттук ырлар жаңырып, акцияга чыккандар үч багыт менен «Жеңиш» сейил багына топтолот.

«Облустук, шаардык мекемелердин, жогорку жана орто окуу жайлардын кызматкерлери менен студенттер, шаар калкы жөө жүрүшкө чыгышат. Анда Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын портреттери көтөрүлүп, патриоттук ырлар жаңырат. 1-топ «Байэл» базарынан баштап, Ленин көчөсүнөн «Жеңиш» паркына чейин барат. Экинчи топ Эркиндик аянтынан Ленин көчөсү менен барат. Ал эми үчүнчү топтогу спортчулар Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин айкелинен баштап чуркап келишет. Майрамга карата даярдыктар көрүлүп жатат», - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

«Өчпөс полк» акциясы район-шаарларда да уланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×