Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жаш балдар катышкан жол кырсыгын алдын алуу, келечек ээлери жол эрежелерин билүүсүн камсыздоо багытында жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы Жалал-Абад шаарындагы орто мектептер арасында да болуп өттү. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн ага инспектору Айбек Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөр арасында өткөн сынакта жалпысынан 19 мектептин командалары ат салышты. Жыйынтыгында, шаардагы №17 мектептеги команда облустук турга жолдомо алды. Ал эми экинчи орунга №9 Раатбек Санатбаев, 3-орунга №5 Бекмамат Осмонов атындагы мектептин командалары ээ болушту.

«Азыркы тапта бардык район-шаарларда бул сынак өтүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү облустук туру өтөт. Биздин мектептин окуучуларынан түзүлгөн жаш тескөөчүлөр да биз менен биргеликте жарандарды жол кыймылынын эрежелерин сактоого чакырык таштап келишет. Алардын аракети да өзгөчө», - деп билдирди Айбек Сатыбалдиев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 448
×