Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Видео — УКМК аткезчилик жол менен 30 млн сомдук телефондорду алып келген кызматкерлерди аныктады

Turmush -  УКМК кызматкерлери Мамлекеттик Бажы кызматынын кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышканын аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК кызматкерлери 27-апрелде Жалал-Абад облусунан жүк ташып бара жаткан унааны текшеришкен. Жүктүн тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Иликтөөдө бажы кызматкерлери жүктүн кожоюндары менен сүйлөшүп, импорттук товарды бажы көзөмөлүнөн текшерттирбей өткөрүшкөндүгү такталды. Жүктөр декларациялары жок ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор болгон. Алардын болжолдуу баасы 30 млн сомго жетет.

Аталган факты бюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренеси (кызматтык жасалмалоо), 204-берене (аткезчилик) менен кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2192
Көп окулду
×