Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абаддагы сойкуларга рейд: Саунада сойкукана уюштурган 2 аял кармалды (фото, видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын аймагында сойкукана уюштурууга шектүү делип эки аял кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-апрелде саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндөгү эски тамеки заводунун имаратында жайгашкан саунада Клара жана Жылдыз аттуу аялдар сойкукана уюштурууга багытталган иштерди аткарып жүргөндүгү аныкталган. Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ОИИБге катталып, жетекчиликтин көрсөтмөсү менен тергөө кызматына тапшырылган. Бул окуя боюнча ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүмү (сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча уюштуруу иш пландары түзүлүп, күбө адамдардын катышуусунда жалпы 1000 сом акчанын номурлары протоколго жазылып, акчанын көчүрмөлөрү алынып, ишенимдүү адамга тапшырылган.

Тинтүү жүргүзүүдө ишенимдүү адамдан алган 1000 сом акчанын З00 сомун ошол саунада иштеген Айсулуу (Ош облусунун 1991-жылы туулган тургуну) өз ыктыяры менен тергөөчүгө тапшырган. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө.

Сойкулук жасоочу жайларды уюштурган шектүүлөр:

- Клара, 1977-жылы туулган, Жалал-Абад шаарынын жашоочусу. 2016-жылдын апрель айынан бери Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндөгү эски тамеки заводунун имаратында жайгашкан саунада администратор болуп иштейт.

- Жылдыз, 1984-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну.

Ведомствонун маалыматына караганда, Жалал-Абад шаарында коомчулуктун сунушу менен сойкуканаларга бөгөт коюу иштеринин алкагында рейддер башталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1432
Көп окулду
×