Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Чернобыль апаатынын катышуучусу Э.Исраилов кырсык тууралуу айтып берди (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында Чернобыль апаатынын 32 жылдыгы белгиленди. Аймактык кабарчынын маалыматына караганда, иш-чаранын жүрүшүндө апаатта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине арналып куран окутулду.

«Мэрия тарабынан эскерүү иш-чарасын өткөрүүгө 25 миң сомдон ашык каражат каралган. Учурда шаарда 24 ардагер бар, аларга жылына 7 миң сом бөлүнөт. Мындан сырткары алар ооруканага кайрылган учурда жеңилдиктер каралат», - деди Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышев.

Ал эми Чернобыль апаатынын катышуучусу Элдияр Исраилов ошол жылдары 22 жашта болгонун жана мындай апаат кайра кайталанбаса экен деп тилерин айтат.

«1986-жылы мен Томск шаарындагы №1433 аскер бөлүгүндө командир болуп иштечүмүн, андан кийин эле Чернобыль шаарындагы жарылууга бир батальон кылып бизди жиберди. Биз барган учурда жаңы эле кыйроо болгон экен. Кийин бизди команда кылып, жарылган станцияны тазалоого бөлдү. Ошол учурда ар бир команда 20 секунддан иш кылчубуз, эгер белгиленген убакыттан ашса адамдар өлүп калчу. Ошол кыйроонун жаралары дале болсо бүтпөй келет. Ар дайыма ошол учурдагыдай апаат болбосо экен деп тиленем», - деди Чернобыль апаатынын катышуучусу Э.Исраилов.

1986-жылы 26-апрелде Украинанын аймагында жайгашкан Чернобыль атом электр станциясында авария болгон. Кырсыктын кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 124 аскер катышкан. Ал эми бүгүнкү күндө алардын ичинен 24 катышуучу гана бар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 234
Көп окулду
×