Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын башчысы кемчиликтерди жойбогон жетекчилерге чара көрөрүн эскертти

Turmush -  Жалал-Абад дубанында жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү иш-чараларынын алкагында үч ай аралыгында 18 жаңы ишкана ишке кирди. Мындай маалымат биринчи кварталдын жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. Жыйынды ыйгарымдуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев алып барды.

Маалым болгондой, ачылган мекемелердин төртөөсү өнөр жай тармагына, соода борборунда 3, кызмат көрсөтүү тармагында 11 ишкана ачылган.

Өкүлчүлүктүн аппаратынын региондук өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин баяндамасына караганда, 2018-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыштырма баада, өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси-101,8 пайызга, айыл чарбасынын физикалык көлөмүнүн индекси - 102,5%га, негизги капиталга инвестиция тартуу -132,3%га , автотранспорт менен жүк ташуу - 105,9%га, жүргүнчүлөрдү ташуу - 104,5%га аткарылган. Биринчи кварталда кайра иштетүү тармагы жанданды, көрсөткүч ашыгы менен аткарылды. Ал эми тоо кен жана суу менен камсыздоо, калдыктарды иштетүү жана экинчи ирет сырьёну алуу тармактарында физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи камсыздалган эмес. Мунун себеби, Чаткал районундагы «Вертекс голд компани» ишканасы менен Ала-Бука районундагы «Фульд голд майнинг» ишканаларынын алтын концентрациясы аз өндүрүлүүсү болгон. Ошондой эле, көмүр казып алуунун көлөмүнүн азайганы дагы таасир берген. Быйылкы кыш жеңил болгондуктан өткөн жылга салыштырмалуу көмүр 11 миң 732 тоннага аз казылган.

Ажымамат Исаев белгилегендей, капиталдык инвестиция тартууда, электр энергиясы тармактарында алга жылуу болгон. Ал эми азыркы тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жазгы талаа жумуштары кызуу жүрүп жатат. 2018-жылдын 19-апрелине карата оперативдүү маалыматтар боюнча 48 миң 113 гектар жерге айыл чарба эгиндери эгилип бүттү.

«Айыл чарбасын каржылоо-6» долбоорунун алкагында облустун айыл чарбасын өндүрүүчү 777 субьектиге жалпы суммасы 273 миллион 20 миң сомдук жеңилдетилген 10 пайыздык жана кайра иштетүүгө 6 пайыздык насыялар берилди.

Баяндамачыдан кийин пландык көрсөткүчтөргө жетпей калган район-шаарлардын аким, мэрлери суралды. К.Сатыбалдиев жалпы мекеме жетекчилерди пландык көрсөткүчтөргө маани берүүгө чакырды. Ошондой эле, ал кетирилген кемчиликтер жоюлбаса алты айлыкта катуу жазаларга кириптер болушаарын эскертти.

«Жыл аягына чейин чыгабыз деген ойдон алыс болуш керек. Айтылган кемчиликтерди, сунуштарды эске албаган, ишине кайдыгер мамиле жасаган жетекчилерге алты айдын жыйынтыгында чара көрүлөт. Элдин нааразычылыгын жаратпай иштейли», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1488
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×