Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жаш талант: Чимириле бийлеген Арияна 11 жашында концерт берип, сынактарда жеңүүчү болду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 11 жаштагы тургуну Арияна Аттокурова бий боюнча бир нече сынактарга катышып, биринчи орундарды багындырууда. Жаш бийчи менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал бийлөөнү бала бакчадан өздөштүрүп, 8 жашынан тарта бий сабагына катыша баштаган.

«Бийлөөгө бала бакчадан эле кызыга баштадым. Ар кандай майрамдарда бийлеп, ата-энелерге концерт тартуулачумун. Кийинчерээк мектепке барып, ошону менен катар бий сабагы боюнча кошумча сабактарга да катышып, бир нече улуттун бийлерин үйрөндүм. Сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болдум. Шаардагы таланттуу балдар биригип, Барпы драм театрында шаар тургундары үчүн концерт койдук. Мындан сырткары былтыр Ысык-Көлдө өткөн «Ысык-Көл досторун чакырат» деген сынакка катышып, биринчи орунга ээ болдум», - дейт ал.

Арияна келечекте кыргыз маданиятын дүйнө элине таанытып, кыргыз желегин желбиреткиси келет.

«Өзүм шаардагы №9 мектепте 5-класста окуйм, сабактан кийин бий боюнча ийримге катышам. Учурда май айында Бишкек шаарында өтө турган сынакка даярданып жатам. Анда негизинен эки номур аткарам, буюрса байгелүү орун алам деп ойлойм. Келечекте дарыгер болгум келет», - деди жаш бийчи.

Арияна үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 341
×