Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ЕАЭБдин талабына жооп берген этти кайра иштетүүчү ишкана ачылды (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында өлкөнүн түштүк аймагында биринчи жолу ЕАЭБдин талабына жооп берген мал союлуучу жана этти кайра иштетүүчү жай ачылды. Жакынкы аралыкта ишке кирүү алдында турган мекеменин абалы менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев таанышып чыкты.

Маалым болгондой, ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал союучу жана этти кайра иштетүүчү «Алтын-Эт» ишканасы заманбап технологиялар менен курулду.

Ишкананын өкүлдөрүнүн айтуусунда, мал-жандыктар адалданып союлат. Анткени атайын адалдантып союуга ылайыкташтырышкан. Бул касапкана бир нөөмөттө 50 баш бодо мал, 150-200 кой, 40-50дөй жылкы союуга ылайыкталган. Мында лаборатория, малды карантинге кармоочу жайы, бордоп семиртүүчү жайлары камтылган.

«Бул жайда 10 жаңы жумуш орун пайда болду жана алар окуудан өтүп келишти. Биздин мекемени куруп берген Россия Федерациясынын ишкерлери өздөрү да кызматташууга кызыкдар болууда. Себеби, аларга биздин эттин даамы өзгөчө жакты. Ошондой эле Бириккен Араб Эмираты, Кытай жана Иран мамлекеттеринен кызыккандар чыгып жатат. Этти экспорттоо башталса карапайым калк мал-жандыктарын кымбат сата алышат. Жакынкы аралыкта жумуш башталат», - деп билдиришти мекемедегилер.

Ыйгарымдуу өкүлдүн кыдыруусунда эске алынбай калган кемчиликтерди да жоё турган болушту.

Жалал-Абад облусунда жалпы 22 касапкана бар. Ал эми «Ситизен» ЖЧКсы колго алып жаткан «Алтын эт» мал союучу жай облуста этти чек жактарга экспорттоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн биринчи жолку мекеме болуп калды. ЕАЭБдин талабына жооп берген мал союучу жайларды Кадамжай, Өзгөн райондорунда да ачуу күтүлүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 508
×