Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ММА боюнча улуттук чемпионатта кимдер бел кур тагынды? (видео, фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарында 20-21-апрель күндөрү ММА боюнча төртүнчү жолку улуттук чемпионат өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

ММАнын облустагы директору Нурбек Эргешовдун айтымында, эрежесиз эр урушка катышуу үчүн жалпы 400гө жакын спортчу каттоодон өтүп, анын 260 рингде күч сынашты.

«Бүгүнкү күндө сынакка спортчулар өлкөнүн булуң-бурчунан келип катышты. Башында жалпы 400гө жакын балбандар каттоодон өткөн, аларды медициналык кароодон өткөрүлүп, 260 спортчу күч сынашты. Өткөн жылы облус боюнча 6 балбан Азияга жолдомо алып, анын бирөөсү 2-орунду багынткан. Быйыл да балбандардан үмүтүбүз чоң», - деди ал.

Бул сынакты дарыгерлер да көзөмөлгө алып турушту. Октябрь айылдык биргелешкен ооруканасынын фельдшери Алимбек Осмоналиевдин айтымында, жеңил жарат алгандар болду.

«Сынактын 2-күнү саат 10:00дөн тарта кечки саат 20:00гө чейин мөөнөт менен сменде турдук. Оор жараат алып, ооруканага жеткирилген фактылар катталган жок. Көбүнчө колунан, бутунан жеңил жаракат алып жана кулагы, мурду сынып, кан аккан учурлар катталды. Эки күн аралыгында 10дой спортчу медициналык жардам алышты», - дейт фельдшер.

Улуттук чемпионаттын жеңүүчүлөрү Пекинде өтүүчү Азия чемпионатына жолдомо алышат. Чемпионаттын жыйынтыгы менен бел кур тагынган спортчулардын тизмеси:

- 56,7 кг салмак боюнча Ибраимов Рыскулбек;

- 61,2 кг салмак боюнча Бегматов Чынгыз;

- 65,8 кг салмак боюнча Усенов Бакберген;

- 70,3 кг салмак боюнча Тумен уулу Русланбек;

- 77,1 салмак боюнча Таабалды уулу Акжолтой;

- 84,0 кг салмак боюнча Шакирмаматов Эдилбек;

- 93,0 кг салмак боюнча Абдулазизов Осман;

- 93 кг салмак боюнча Наврузов Бахтияр.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1486
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×