Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Сузактагы авариялык абалдагы мектеп: Окуучулар тургундун үйүндө окуп жатышат (фото, видео)

Turmush -  Сузак районуна караштуу Кара-Чолок айылындагы №54 Ысмайыл атындагы орто мектебинин имараты авариялык абалга кептелгендиктен, окуучулардын жарымы айыл тургуну Мирлан Маниевдин үйүндө билим алышууда.

Эгер жаңы окуу жылында 15 жылдан бери курулушу токтоп турган мектептин имараты бүткөрүлбөсө, ата-энелер балдарын мектепке берүүдөн баш тартышат. Мындай пикирди айыл тургундары айтып чыгышты.

Маалым болгондой, Кара-Чолок айылындагы мектептин имараты эки корпустан турат. Бири 1936-жылы курулуп, учурда имараттын дубалдары көчүп, авариялык абалга кептелген. ӨКМ тарабынан 2012-жылы аталган имаратта билим берүүгө мүмкүн эмес деген бүтүм чыгып, балдарды окутууга тыюу салынган. Бул корутундуга карабастан 2017-жылга чейин билим берилип келген. Мектептин абалына кооптонгон айыл жашоочулары былтыркы жылы имараттын абалы боюнча маселе көтөрүп чыгышкан. Мындан улам жергиликтүү тургун балдардын билим алуусу үчүн өз үйүн бошотуп берген.

4 бөлмөлүү андагы үйдө башталгыч класстар окуп жатышат. Бирок жергиликтүү жашоочу да уулун үйлөгөндүктөн үйүн бошотууга туура келүүдө. Бирок айыл жашоочулары жергиликтүү тургундан окуу жылы аяктаганга чейин күтө турууну суранышты. 195 орунга ылайыкташып, 2003-жылы курулушу башталган мектеп имаратынан бүтпөй жатканына жергиликтүүлөр өз нааразычылыгын айтып, айылга топтолушту. Алар бийлик өкүлдөрүнө жаңы окуу жылына мектепти бүткөрүүнү суранышты жана жаңы окуу жылында имарат бүтпөсө балдарын мектепке берүүдөн баш тартууга мажбур боло турганын айтышууда.

Мектеп мугалимдеринин ырастоолорунда, мектептин экинчи корпусу 1985-жылы салынган. Андагы имаратта 4 бөлмө бар, анда окуучуларды батыруу мүмкүн эмес. Арга кеткендиктен мектептин спорт залына да 3 смен менен билим берилип келген. Мындан улам былтыркы жылы жергиликтүү жашоочу менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, башталгыч класстар которулган болчу. Буга чейин мектеп жамааты да бир топ жолу эле тийиштүү тараптарга кайрылып келишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 480
Учурда окулуп жатат
    Көп окулду
    ×