Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда ММА боюнча улуттук чемпионат өтүп жатат (фото)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук стадионунда ММА боюнча IV улуттук чемпионат өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Чемпионатка жалпы 270 спортчу катышууда. Анда жеңүүчүлөргө Пекин шаарында өтүүчү Азия чемпионатына жолдомо жана чемпионаттык бел курлары, медалдары болуп, жалпы 8 салмактык категория боюнча берилет.

ММА түрү боюнча IV улуттук чемпионатты уюштурууга Улук Өмүрзаков, Нурбек Эргешов, Талант Баевдер салым кошууда. Чемпионатты өткөрүүгө өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты, мэрия колдоо көрсөтүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1667
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×