Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын базарындагы өрт: 58 соодагердин 30 млн сомдук товары өрттөндү

Turmush -  Жалал-Абад шарынын борбордук базарында катталган өрт кырсыгынан улам 58 соодагер жабыркады. Бул соодагерлерге шаар бийлиги мүмкүнчүлүктөрүнө жараша колдоо көрсөтүшөт. Мындай пикирди Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, жалын каптаган базардан 58 соодагер жабыркаганы такталды. Андагы соодагерлердин ичинен 35и муниципалдык жерде ижарада турса, 16сы жеке менчик мекемеге таандык жерде соода менен алектенип келишкен. Ошондой эле, жеке менчикте турган жети ишкер да жабыр тарткан.

«Такталган маалымат боюнча борбордук базардын 1279 чарчы метр аянты күйгөн. Соодагерлердин берген маалыматына таянсак, алдын-ала божомолдоолорго караганда өрттөн келтирилген материалдык чыгым 30 миллион сомго барууда. Дагы өзгөрүүлөр орун алуусу мүмкүн. Жабыр тарткан соодагерлердин жетөөсү банктан насыя алышкан экен, алар дагы тийиштүү документтерин топтошууда. Шаардык милиция да насыя алган соодагерлердин жабыркаганы боюнча тактама бергенден соң биз насыя берген банктарга жеңилдетүү жагын карап көрүү өтүнүчү менен кайрылабыз. Муниципалдык жерде олтурган соодагерлерди 4-5 айга чейин ижара төлөмүнөн бошотуу жагы боюнча шаардык кеңешке кайрылуу алдында турабыз. Андан сырткары Ош жана Жалал-Абад шаарлары боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссияга да кат сунуштайбыз. Шаар бийлиги соодагерлер үчүн колдон келген жардамын көрсөтөт. Кечээги күндөн бери КРнын Өкмөтүнө караштуу соттук экспертизанын өкүлү келип, иш жүргүздү. Базар тазалана баштады», - дейт Т.Темирбаев.

Учурда күлгө айланган товарлар алынып, таштандыларды тазалоого соодагерлер да жардамдашууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 839
×