Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын мэри С.Авазов тергөөнүн аягына чейин СИЗОдо болот

Turmush -  Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу шектүү катары кармалган «Электр станциялары» ААКтын мурунку директору Салайдин Авазовго жана анын орун басары Жолдош Назаровго карата жаза өтөө чарасы чыгарылды.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ушул жылдын 19-апрелинде УКМК тарабынан «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри, «Электр станциялары» ААКтын мурунку директору С.Авазовго жана анын орун басары Ж.Назаровго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү менен айып тагылган.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту тарабынан С.Авазовго жана М.Назаровнго карата тергөө иштеринин мөөнөтү аяктаганга чейин УКМКнын СИЗОсунда калтыруу чечими кабыл алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 630
Көп окулду
×