Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын өрттөнгөн базары экспертизанын жыйынтыгынан кийин тазаланат (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы борбордук базардын өрт каптаган аянты тийиштүү экспертизалардын текшерүүсүнөн кийин гана тазаланат. Мындай маалыматты Жалал-Абад шаардык керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинен маалымдашты.

Аталган мекемеден алынган маалыматка караганда, күлгө айланган товарларды ташууга техникалар даяр. Бирок тийиштүү экспертизалар жүргүзүлмөйүнчө таштандыларды алып чыгуу мүмкүн эмес.

«Бир аптадан бери биз да тийиштүү экспертиза жүргүзүүчүлөрдү күтүп жатабыз. Өрттүн себебин тактоо үчүн Бишкектен да адистер келиптир. Бүгүн базарда иш алып барууда. Биз да күтүп жатабыз. Качан гана бизге уруксат болгондо күйүп кеткен товарларды алып чыгабыз», - деп билдиришти мекемеден.

Буга чейин 12-апрелден 13-апрелге караган түнү чыккан өрт эт, кургатылган мөмө-жемиштер, зер буюмдар, кийим-кече, мөмө-жемиш сатылуучу жайларды каптаган. Бул кырсыктан 41 соодагер жабыр тарткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 728
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×