Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абадда тереңдиги 7 метр кудукка түшүп кеткен 13 жаштагы бала куткарылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 17-апрелде Жалал-Абад шаарында кудукка түшүп кетип чыга албай калган 13 жаштагы окуучу куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов билдирди.

Маалыматка караганда, мектеп окуучулары саат 12:25де Курманбек көчөсүндө канализациянын түтүктөрү кеткен чуңкурда ойноп жатып, бирөөсү чыга албай калган. Түшүп кеткен окуучуну ӨКМдин №58 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары чыгарып, ата-энесине тапшырды.
Бала эч кандай жаракат алган эмес.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 783
×