Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.04.2018 08:18

Жалал-Абаддын мэри С.Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсык боюнча кармалды, - УКМК

Turmush -  Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу «Электр станциялары» ААКтын мурунку директору жана анын орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.

Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шектүү катары «Электр станциялары» ААКтын мурунку директору, Жалал-Абад шаарынын азыркы мэри Салайдин Авазов жана «Электр станциялары» ААКтын директорунун мурунку орун басары Ж.Назаров кармалды.

Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

УКМК ушул жылдын 2-апрелинде Бишкек ЖЭБдин, «Электр станциялары» ААКтын, «Улуттук энергетикалык холдинг» ААКтын кээ бир кызматкерлерине КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесинин 4-пунктунун 1-бөлүмүн менен кылмыш ишин козгогон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×