Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 12.04.2018 12:30

Видео — Жалал-Абадда түнкү клубга кире албаган жигит асманга ок чыгарган

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы эс алуу борборлорунун биринде ок атылганын Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 6-апрелинен 7-апрелге караган түнү Сузак районунун тургуну Т.Т. жанында сактап жүргөн белгисиз ок атуучу куралы менен эс алуу борборунан чыгып бара жатып сыртка асманга карай ок чыгарып, андан соң качып кеткен.

Кароолчулар — Жалал-Абад шаарынын тургуну А.Т. жана Сузак районунун тургуну А.И. милицияга берген түшүнүк каттарындагы маалыматка караганда, ок аткан жаран үч досу менен эс алуу борборунун караоке барына келген. Бирок аталган тургун кыска шым кийип келгендиктен, кароолчулар эс алуу борборунун тартибине ылайык, ага бул жайда кыска шым кийүүгө болбой турганы боюнча түшүндүрүшкөн. Андан соң тургун эс алуу борборунан чыгып, асманга ок чыгарып, качып кеткен. Бул окуя боюнча эс алуучу жайдын ээси милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда, трамватикалык тапанчанын гильзасы алынып, аталган факт боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, октон эч ким жабыр тарткан эмес.

Окуя орун алган күндүн эртеси арыз менен кайрылган жаран эч кимге доосу жок экендиги боюнча кайра тосмо арыз берген. Ал эми ок чыгарган тургундун жанында газотрамватикалык курал болгондугу жана текшерүү учурунда көтөрүп жүргөн тапанчасына тиешелүү документтери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле, тергөө учурунда тургун соо экендигин жана капыстан ок чыгарып жибергендигин, өзүн коргоо максатында курал алып жүргөнүн билдирген.

Буга чейин окуянын күбөлөрү «Репортер» басылмасына кыска шым менен Жалал-Абаддагы эс алуу борборуна келген жигит аталган жайга кире албай калгандан кийин ок чыгарганын билдиришкен. Ошондой эле, ал белгилүү саясатчынын уулу экендигин айтышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×