Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абад облусунда элдик Апрель революциясында курман болгондор эскерилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында элдик Апрель революциясында курман болгондор эскерилди.

Аймактык кабарчы билдиргендей, эскерүү иш-чарасына өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, облустун прокурору Өткүрбек Жамшитов, ОИИБдин башчысы Акылбек Мамасейитов, шаар мэри Салайдин Авазов баштаган бийлик өкүлдөрү жана Элдик революциясынын катышуучулары күбө болду. Анын жүрүшүндө облус башчысы апрель окуясында каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Ошондой эле революцияны чагылдырган сүрөттөр такталарга илинди.

2010-жылдагы апрель жана май окуяларында Жалал-Абад облусунун 7 тургуну көз жумган. Облуста жалпы Элдик апрель революциясынын 110 баатыры бар.

Токтогул районунда 7-апрель — элдик Апрель революциянын 8 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, иш-чарага Апрель революциясынын баатырлары, райондун тургундары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары катышты. Анын жүрүшүндө революцияда көз жумган Апсамат Жанышбаевдин эстелигине гүлчамбар коюлуп, залп атылды. Ошондой эле Апрель революциясында курман болгондорго багышталып куран окулду.

Иш-чарада райондун акими М.Сатымкулов сөз сүйлөп, курман болгондордун эрдигин белгиледи. Райондогу Апрель революциясынын баатырлары жашаган үйлөрдү белгилеп туруучу атайын тактайчалар тапшырылды.

Иш-чара маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган чакан концерт менен жыйынтыкталып, сый тамак уюштурулду. Ошондой эле, «Апрель революциясынын баатырлары» аллеясы ачылып, карагайлар отургузулду.

Кара-Көл шаарында 7-апрель — элдик Апрель революцияда көз жумгандарды эскерүү митинги өткөрүлдү. Иш-чарага шаар мэри Ильяз Еркеев баштаган кызматкерлер, тургундар жана Апрель революциясынын катышуучусу Амангелди Сарытаев катышты.

Анын жүрүшүндө демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөштө көрсөткөн эрдиги, кайратмандыгы үчүн «Апрель революциясынын баатыры» наамын алган А.Сарытаевге ыраазычылык айтылды. Иш-чаранын соңунда революцияда көз жумгандар бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерилип, куран окулду.

Майлуу-Суу шаарында элдик Апрель революциясында курман болгондор эскерилип, аларга багышталып куран окулду. Иш-чаранын жүрүшүндө окучуулар баатырларга арнап ыр саптарын окуп беришти. Ошондой эле, чуркоо боюнча мелдеш уюштурулуп, жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды.

2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революцияда Майлуу-Суу шаарынын тургуну Бостонбаев Максат Өзгөрүшевич көз жумган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 886
×