Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 06.04.2018 17:22 На русском

Жалал-Абаддын мэри С.Авазов Бишкек ЖЭБдеги кырсыктан кийин иш ордунда жок экенин четке какты

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазовду акыркы күндөрү иш ордунан табуу кыйын болуп калды. Мындай пикирди шаардык кеңештин депутаты Майрамбек Адылбеков шаардык кеңештин депутаттары көчөлөрдүн абалын жана жашылдандыруу иштеринин жүрүшүн текшерүүгө чыккан рейдде билдирди.

Анын баамында, шаар мэри чуу жаратып жаткан «Электр станциялары» ААКтын чырынан бери мурункудай иштебей жатат.

«Биздин мэр буга чейин «Электр станциялары» ААКта иштеп келген иши менен убара болуп жатат. Мэрди чуу жараткан мекемеге байланышкан отурумдан, Жогорку Кеңештен эле көрүп жатабыз. Биз депутаттар шаар бюджетин 20-февралда эле бекитип бергенбиз. Ага карабастан алгылыктуу бир жумуш жүрбөй жатат. Азыр жаз жарыш дегендей, шаардын чарба иштерин алдыга жылдырып, бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөй турган кезде шаар башчысы башка жумуштар менен алектенүүдө. Шаарда болсо жолдордун абалы элдердин нааразычылыгын жаратып жатат», - деди М.Адылбеков.

Өз кезегинде Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов жумуш ыргагы өз нугунда кетип жаткандыгын, айтылган сындарга кошулбай турганын билдирди.

«Шаардыктарга шарт түзүү үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап иштеп жатабыз. Үйүнөн чыкпай жатса мени кайдан көрүшмөк эле. Шаарда тополоң орун алса, курултайлар боло турган болсо ошол жерде эле жүрөм. Куранда «Бирөөгө кыянаттык кылбагыла, жалган айтпагыла, кыянаттык бир тууганыңдын этин дегенге барабар» деп айтылат. Жалган сүйлөбөш керек. Мен иштеп жатам. Бишкек ЖЭБге байланыштуу Жогорку Кеңеш чакырып жаткан үчүн барып жатам. Башында шаардын бюджети бекитилип жаткандыгына жана сессияга байланыштуу барбай калдым, алар тилдешти. Мен чындыкты айтыш үчүн барып жатам», - деди шаар мэри.

Ошондой эле, кызматы жана Бишкек ЖЭБ боюнча пикирин айтып жатып: «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо кадамы менен кубаттуулугу артты. Эгерде жаңылоо болбогондо аябай чоң катастрофа болот эле. Эл үшүйт болчу. Казакстандан импорт алат элек, өтө чоң чыгымга учурамакпыз», - деди.

Мэр Салайдин Авазов 2012-2014-жылдары «Электр станциялары» ААКтын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Тема боюнча:

08.03.2016Жылуулукту өчүрүү үчүн мэриянын тийиштүү буйругу керек, - «Электр станциялары»
16.02.2018Бердибек Боркоев «Электр станциялары» ААКтын директорунун орун басары кызматынан бошотулду
04.03.2018«Электр станциялары» ААКтын директорунун экс-орун басары Бердибек Боркоев камакка алынды
02.02.2018Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБдин жетекчилигинен убактылуу бошотулду
31.03.2018А.Атамбаев Бишкек ЖЭБдеги авария тууралуу: Ал тендерлерди 2016-2017-жылдары С.Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×