Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын депутаттары шаарды көрктөндүрүү ишинде бир катар кемчиликтерди аташты (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын бийлиги бирдиктүү саясат менен иш алып барбагандыктан бир катар кемчиликтер орун алууда. Мындай пикирди 5-апрелде Жалал-Абад шаардык кеңештин депутаттары суу түтүктөрү жана газ түтүктөрү үчүн казылып, бирок орду калыбына келе элек жолдордун абалын көргөн учурда айтылды.

Шаардык кеңештин депутаттарынын демилгеси менен уюшулган текшерүү алгач борбордук Ленин көчөсүнөн башталды. Андагы көчөдөн газдын түтүгү өткөнүнө жыл айланса да жолду калыбына келтирүү кадамы толук жөнгө салына электигине күбө болушту. Мындан улам депутаттар тийиштүү тараптардан 1-майга чейин жолго асфальт төшөөнү талап кылышты. Андан соң депутаттык комиссия былтыркы жылы асфальт төшөлгөн Мамыр баатыр көчөсүндөгү абалга күбө болушту.

Мындагы көчөгө көрктөндүрүү үчүн шаар бийлигинин жасаган аракеттерин шалаакылык мамиле катары сыпатташты.

«Жолдун курулушу бүтө элек көчөгө жаз алды менен арчаларды отургузуп коюшкан, азыр болсо латок коюлууда. Арчалардын тамыры көрүнүп, куурап калуу коркунучунда турат. Шаарыбыздагы көчөлөргө асфальт басылганына жыл айланбай эки-үч жолудан казылып, жолдор бузулууда. Мунун баары шаар бийлигинин бирдиктүү саясат менен иш алып барбагандыгын айгинелеп жатат. Аткаруу бийлиги план менен суу, газ өтө турган көчөлөргө асфальт төшөбөй турушу керек эле. Шаар бюджетин эффективдүү пайдаланбастан коромжулукка учуратып жатышат», - деди шаардык кеңештин депутаты Майрамбек Адылбеков.

Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаев дал ушул көчөдөгү көчөттөр көктөбөсө шаардын жашылдандыруу чарбасынын жетекчилиги жооптуу болорун айтты.

«Депутаттар шаарды жашылдандыралы, көрктөндүрөлү деп жергиликтүү бюджеттен мүмкүн болушунча каражат бөлүп жатабыз. Ушул көчөгө 160 түптөн ашык арча эгиптирсиңер. Ар бир арчаны 327 сомдон алганыңарда 32 миң сомдон ашык акча ушул эле көчөгө жумшалыптыр. Мен көчөттөрдүн көктөөсүнө ишенбей турам. Эгерде арчалар көктөбөсө кеткен каражатты мекеме жетекчилиги өзүңөрдүн маянаңардан толуктайсыңар», - деди төрага.

Мекеме жетекчиси Алымбек Оморов да көчөттөр көктөбөсө маянасынан төлөөгө макул экендигин айтты. Шаар бийлиги латок коюп жаткан курулушчулар ашыкча казып койгондугун айтышып, маселени курулушчуларга жүктөштү.

Шаар депутаттары таза суу долбоору боюнча жумуш жанданган көчөлөрдү да көрүп чыгышкан. Бюджеттик комиссиянын курамындагы депутаттар шаардын жашылдандыруу чарбасынын мекемесинде да болушту.

Маалым болгондой, алынып келинген көчөттөр толугу менен отургузулбай калган. Шаардык жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлеринин ырастоолорунда мэриянын тапшырмасы менен экофонддон алманын 2900 көчөтүн алдыртышкан. Бирок шаардагы мекемелер, мектеп, бала бакчалар саналуу гана көчөт алышып, 500дөн ашуун көчөт эгилбей калды. Мындан улам көчөттөр питомникке отургузулду.

Шаар депутаттарынын ырастоолорунда, жаңыдан асфальт төшөлгөнүнө карабай көчөлөрдүн кайрадан казылып жатышы жолдун сапатын кетирүүдө. Мисалы, Жусупбек Бакиев көчөсүнө асфальт басылганына жыл айланбай, жол эки ирет казылды. Бабкина көчөсүнө да асфальт төшөлгөнүнө көп жыл өтө элек. Мындан сырткары бир катар көчөлөрдү мисал кылып, ошондой эле алар аткаруу бийлигин жаңыча өзгөрүүгө чакырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1291
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×