Бөлүмдөр
Бейшемби, 17-январь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 20.03.2018 10:37

Айыл турмушу: 15 жылдан бери унаа жууп иштеген Б.Чолпонкулова кыйынчылыкка карабай өз бизнесин түптөдү (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 50 жаштагы тургуну Бактыкан Чолпонкулова 15 жылдан бери унаа жуучу жайда иштейт. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Жеңил унаалардан тарта оор жүк ташуучу унааларга чейин жууган Бактыкан Чолпонкулова ак эмгек менен тапкан акчанын берекеси мол болоорун белгилейт. Ал 6 жылдан бери өзү да ижарага автоунаа жуучу жай алып, иштетип келет. Бирок бул ийгиликти багындыруу оңой болгон эмес.

Өзүнүн айтымында, ал Россиянын жаранына турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болушкан. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн улам жолдошу экөө эки жолго түшүп, ал өз жергесине кайтып келген.

Алгач Жалал-Абад шаарынан жумуш табуу кыйынга туруп, автоунаа жуучу жайдан иштөөгө мажбур болгон. Ошону менен унааларды жууп иштөөнү адатка айландырып, эми анын үзүрүн көрүп жатат.

«Биринчи Спутник шаарчасындагы унаа жуучу жайда иштеп баштадым, Сузактагы бир катар жайларда унааларды жууп иштеп жүрдүм. Күнүнө 15ке чейин унаа жууп, балдарымды багып жүрдүм. Башыбызды коёрго жаздыгыбыз жок болгон күндөр өттү. Бир нан тапканыбызга сүйүнгөн күндөрдү баштан кечирдик. Биз кайсыл жайга барып иштесек, такай кардарларыбыз артыбыздан издеп барып жүрүштү. Ошентип жүрүп, 6 жыл мурун унаа жуучу жайды ижарага алып иштете баштадык. Балдарым да унаа жууганды жакшы өздөштүргөндүктөн жумушубузду жөндөп кеттик. Унаа жуучу жайды иштеткенибизге 3 жыл болгондо жайдын ээси ижарага акыны көбөйтүп жиберди. Кыш мезгили болчу, ошол жайдын ээсинин вагонунда жашачу элек, ал жерден да чыгууга туура келди. Батирге чыгууга акча жок, эки сөөрүнү (тапчан) бириктирип, сыртын клёнка менен жаап, ичин килемдер менен тосуп, ортосунда меш жагып жашап жүрдүк. Ошол эле учурда азыркы унаа жуучу жайыбыздын жерин белгилүү ишкер Тумановдор бутуңузга туруп алыңыз деп беришти. Анткени алар унааларын мага жуудурушчу. Унаа жуучу жайды эптеп иштете баштадык. Кардарларыбыз бизге боору ооруп, жылуу кийимдерди, азык-түлүктөрдү таштап кетип жатышты. Ошентип отуруп бутубузга туруп кеттик. Башкысы үйлүү болдук. Азыр жумушубуз жакшы жолго коюлуп калды», - дейт Б.Чолпонкулова.

Ал белгилегендей, кардарлардын арасында ар кандай адамдар кездешет.

«Унааларында жок буюмдарын бар болчу деп талашып, акчасын төлөбөй кеткен кардарлар кездешет. Ошол үчүн жалаң өз туугандарымдын балдарын, инилеримди, жакшы тааныштарымды жумушка алам. Өзүм да келген унааларга көз салып турам. Анткени бир жолу бир кардар унаасында чоң суммадагы акчасы жок экенин айтып, жалган жалаа жабууга аракет жасады. Кайра калпы чыгып, уят болгон. Бир жолу 3-4 жигит «Биз рэкеттерденбиз, бизге айына акча берип турасыз, биз сизге «крыша» болуп беребиз» деп келишиптир. Мен аларды урушуп жолго салгам. Ар кандай учур болду, кыйынчылыктар артта калды», - деди ал.

Б.Чолпонкулова эгер кардарлар көбөйүп, жумушчулары жетишпей калса өзү да ишке киришет.

«Мен үчүн оор жүк ташуучу унааларды жууган жеңил, «Тико», «Жигули» унаасын жууган тескерисинче кыйынга турат. Унаанын ичи көп булганат, таштанды көп чыгат, колдоруң тилинип кетет. «Лексус» унаалары таза келет, үстүн жууган да жеңил. «Мерседес-Бенц» унаасын жууган аялдарга ыңгайсыздык жаратат. Кээ бир кардарлар «унаамды аял кишилер жуубасын» деп талап коюшат, айрымдары «аялдар эле жууп берсин» дешет», - дейт ал.

Азыркы тапта анын кол алдында 15тей адам иштеп жатат. Анын өзүнүн 15 жылдан берки туруктуу кардарлары, айрым такси кызматтары менен келишими бар. Алдыда ал ушул жайды заманбапташтырып, аялдар да унаа жуучу жайларда мыкты иштей ала тургандыгын далилдегиси келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×