Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда 18 коомдук үрөн фонду уюштурулду (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облусунун Токтогул, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Сузак райондорунда жайыт комитеттеринин алдында 18 коомдук үрөн фонду уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, коомдук үрөн фонддорун уюштуруунун максаты облустун жайыт пайдалануучуларынын тоют базасын чыңдоо, аларды жыл сайын сапаттуу үрөндөр менен камсыздоо болуп саналат. Жайыт пайдалануучулар үрөндү күзүндө кайтаруу келишими менен насыяга алышат.

Ушул жылдын 30-январы жана 1-февраль күндөрү Кыргыз жайыты ассоциациясынын башкы адиси Усубалиев Байбек жана КЖАнын Жалал-Абад облусу боюнча адиси Сариев Абдиназар, райондордун акимдери, аталган ассоциациянын райондук жетекчилери менен жолугушуп, коомдук үрөн фонддорунун иштеп кетүүсүнө, жергиликтүү бийликтин колдоо көрсөтүүсү боюнча макулдашышты.

Ар бир айыл өкмөттөрдүн жайыт комитеттеринин башчылары аталган фонддордун лидерлери менен жолугушуп, иш жүргүзүү, уюштуруу маселелери боюнча талкуу өткөрүштү. Маалым болгондой, ар бир уюшулган фонддун 20 гектар сугат жери бар. Алардын ар бири баштапкы капитал катары 4000 кг сапаттуу арпа үрөнүн жана 4000 кг жер семирткичти кайтарымсыз алышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 937
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×