Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын тургуну №7 бала бакча муздак экенин айтса, жетекчилик аны четке кагууда (видео)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы №7 бала бакчанын жылытуу системасы жакшы иштебей жатат. Бул тууралуу айрым ата-энелер кабарлашты.

Жалал-Абад шаарынын тургуну Базаргүл Усенованын айтымында, ал күн сайын 4 жаштагы небересин шаардагы №7 бала бакчага жеткирет. Акыркы бир жума аралыгында абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу, балдар бакчасы да суук болуп, небереси жөтөлүп ооруп калгандыктан бакчага жибербей жатат.

«Менин 4 жаштагы неберем №7 бала бакчасына барат. Бир жума мурун бала бакчадан жөтөлүп, ооруп калганынан үйдө үч күн жылуу кармадык. Үйдөн дарылагандан кийин кайра бакчага жиберсек ооруп калды. Мисалы эртең менен баламды алып барганда чечинткенче эле бетибиз муздап кетти. Ал эми балдарыбыз кечке чейин жүрүшөт. Бул боюнча тарбиячыларга айттым. Бала бакчанын акысына айына 800 сом алынгандан кийин шарттар түзүлүшү керек эле», - дейт Б.Усенова.

Ал эми №7 бала бакчанын башчысынын орун басары Сахиба Хажиева имараттын ичи муздак деген билдирүүнү четке какты. Ал аталган бала бакча шаардагы борборлоштурулган жылытуу системасына туташканын айтат.

«Ата-энелердин бул билдирүүсү туура эмес, биздин бала бакча шаардагы борборлоштурулган жылытуу системасы аркылуу жылып турат. Учурда бакчанын ичиндеги бөлмөлөрдүн температурасы +17...+18 градус болуп жатат. Ал эми балдардын 80-90%ы келүүдө», - деди С.Хажиева.

Жалал-Абад шаарында 22 мамлекеттик, 5 жеке менчик бала бакча бар. Ал эми №7 бала бакчада 238 бала тарбияланса, 25 кызматкер иштейт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1667
×