Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Кыргызстандык жөө күлүк Г.Сатарова Иранда өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Turmush -  Иран Республикасынын борбор шаары Тегеранда ушул күндөрү жеңил атлетика боюнча болуп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын курама командасынын катарында барган жөө күлүк Гүлшанай Сатарова 2-орунду ээлеп, чемпионаттын күмүш медалы менен сыйланды. Бул тууралуу аны машыктырган СССРдин спорт чебери Абдулла Төрөжанов бүгүн, 2-февралда кабарлады.

Анын айтымында, Г.Сатарова 1-февралда кыз-келиндер арасында 3000 метр аралыкка чуркап, ушундай ийгиликке жетишти. 1-орунга Казакстандын спортчусу ээ болгон.

«Г.Сатарова эми 1500 метр аралыкта чуркоо боюнча казакстандык спортчу кыз менен 3-февралда жарышат. Буга чейин Гүлшанай казакстандык бул атаандашын бир нече жолу утуп чыккан. Гүлшанай Сатарова Жалал-Абад шаарындагы № 1 балдар жана өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервди даярдоочу спорттук мектебинде машыгат.

Иранда өтүп жаткан жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатына дүйнөнүн кырктан ашык мамлекетинин спортчулары барган. Кыргыз Республикасынын намысын ал чемпионатта беш спортчу коргооп жатат», - деп билдирди Абдулла Төрөжанов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1069
×