Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Жалал-Абадда былтыр 137 жаңы ишкана ишке кирди

Turmush -  Жалал-Абад облусунда былтыркы жыл ичинде 137 жаңы ишкана ишке кирген. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов жыл жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.

Анын айтымында, облустун аймагында жаңы өндүрүштөрдү ишке киргизүү, жумушчу орундарды түзүү иштеринин натыйжасында орто жана чакан бизнести колго алган ишканалар ачылды.

«Жаңы мекемелердин ишке кирүүсү менен 680 жаңы жумуш орундары түзүлдү. Жумушсуздукту жоюуга да мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп билдирди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 395
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×