Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Кыргызстандык балбан К.Сулайманов Ирандын «Тахти» кубогун утуп алды

Turmush -  Кыргызстандык спортчу Калы Сулайманов Ирандын Мешхед шаарында грек-рим күрөшү боюнча өткөн мелдеште Ирандын баш байгеси — «Тахти кубогу — 2018» эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болду. Бул туралуу 1-февралда анын күйөрмандары билдиришти.

Алардын айтымында, 30-январда өткөн мелдеште ал 63 килограмм салмактагы атаандаштарын утуп алган.

Калы Сулайманов буга чейин дүйнөнүн чемпиону болуп, Ашхабад шаарында өткөн Азиянын 5-оюндарын да жеңип чыккан. Жаңы жыл алдында ага «Кыргыз Республикасынын эң мыкты спортчусу» наамы ыйгарылган. Өткөн жылдагы ийгиликтери үчүн Жалал-Абад шаардык кеңеши шаардык казынадан ага 1 миллион 300 миң сом бөлүп берүү чечимин кабыл алган болчу. Аны КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу Алтынбек Саалаев машыктырат.

Ирандын «Тахти» кубогун буга чейин Кыргыз Республикасынан эки балбан — Раатбек Санатбаев менен Бисолт Дециев жеңип келген. Калы Сулайманов Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин тарбиялануучусу болуп саналат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1090
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×