Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 01.02.2018 12:58

Жалал-абаддык жөө күлүк Г.Сатарова Тегеранда жарышка түшөт

Turmush -  Жалал-Абад шаарында жашаган жөө күлүк Гүлшанай Сатарова ушул күндөрү Иран Республикасынын борбору Тегеран шаарында өтүп жаткан Азия оюндарына катышууда. Бул тууралуу анын күйөрмандары билдиришти.

Билдирүүгө караганда, Гүлшанай 1-февралда түштөн кийин 3000 метр аралыкта чуркоо жарышына чыгат. Ал буга чейин өткөрүлгөн Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болгон. Андан тышкары Ислам шериктештиги оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү, Казакстан жана Өзбекстанда өткөрүлгөн ачык чемпионаттарын утуп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×