Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Түштүктөгү дыйкан-фермерлерге адистер атайын сабактарды өтүп жатат

Turmush -  Кечээ, 31-январдан тарта Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин адистери Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын райондорундагы дыйкан-фермерлерге 10 күндүк окутууларды жүргүзө баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чара мал чарба жана өсүмдүк өстүрүү тармагын адисдештирүүдө прогрессивдүү технологияларды жайылтуу менен алдыңкы инновацияларды өздөштүрүү боюнча фермерлерге практикалык жардам көрсөтүү жана айыл чарба адистеринин квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулууда.

Кечээ мындай окутуулар Лейлек районунда башталды. Семинардын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер адистерге суроолорду беришип, жоопторду алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1192
Көп окулду
×