Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-февраль
Жалал-Абад

Жалал-Абаддын эки районуна ири суу сактагыч куруу пландалып жатат, - вице-премьер Д.Кенекеев (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-январда Жалал-Абад облусунда 2017-жылдын жыйынтыгын чыгарып, быйылкы жылга карата милдеттерди белгилеген коллегиялык отурум өттү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы маалымдады.

Жыйынга райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары – акимдер, шаарлардын мэрлери, облустук тармактардын жетекчилери жана вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев катышты. Анда 2017-жылдагы облустун социалдык-экономикалык багытында аткарылган иштер жана 2018-жылга коюлган милдеттер туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов баяндама жасады.

Анда айтылгандай, өткөн жылы өнөр жайда жалпы суммасы 24 млрд 482,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, 2016-жылга салыштырмалуу физикалык көлөмүнүн индексинин өсүү темпи 144,1%ды түздү. Айыл чарба, аңчылык жана токой чарбасынын өндүргөн продукциясынын көлөмү 39 млрд 752,6 млн сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 102%ды берди.

Республикалык салыктын план-тапшырмасы 2 млрд 392,2 млн сомду түзүп, 101,8 пайызга, ал эми жергиликтүү бюджет 1 млрд 285,7 млн сомго (104,8 пайыз) аткарылган. Жалпы бюджет 3 млрд 920,3 млн сомго аткарылган. Анын ичинен 3 млрд 677,9 млн сом салык төлөмдөрү жана 242,4 млн сом бажы төлөмдөрүнөн түшкөн.

2017-жылы Жалал-Абад облусунда бир жашка чейинки 437 ымыркайдын жана 12 эненин өлүмү катталган. Өспүрүмдөр арасында 16 өзүн-өзү өлтүрүү учуру катталган. Ошондой эле, облус боюнча орто мектептерге 166 мугалим жана ооруканалар менен үй-бүлөлүк дарыгерлер топторуна 184 дарыгерлер жетишпейт.

Ал эми вице-премьер-министр эки районго ири суу сактагыч куруу пландалып жатканын айтты.

«Жалал-Абад облусунун аймагында Балыкчы—Жалал-Абад альтернативдүү жолу курулуп жатат. Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясына 3 млрд сомду сарптоо менен суу сактагыч жана Сузак районунун Көк-Арт дарыясына дагы ири суу сактагычтын курулушу мерчемделип жатат», - деди Д.Кенекеев.

Коллегиянын жыйынынын жүрүшүндө анын катышуучулары тарабынан облус жетекчилерине жана вице-премьер-министр Дайыр Кенекеевге бир катар суроолор берилип, аларга канааттандырарлык жооптор алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 596
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×