Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Санитардык гаражда иштеп жаткан Жалал-Абад шаардык тез жардам бөлүмүнө жаңы имарат курулат

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы кечиктирилгис тез жардам кызматына жакынкы күндөрү жаңы имарат курулуп баштайт. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси Маматжан Миянов маалымдады.

Анын айтымында, саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиевдин сунушу менен 22-январда эл аралык кайрымдулук фонддун өкүлдөрү келип, жаңы имарат куруучу жерди көрүп кетишти.

«Катуу суукка байланыштуу жумуш токтоп турат, жакынкы кундөрү имараттын курулушу башталат. Жер аянты бар, документ иштерин шаар бийлиги бүтүрүп бере турган болууда. Ошондой эле, уста акысы, жатаканасы менен да камсыздай турган болуп сүйлөшүлдү. Бул иш өкмөттүн облустагы өкүлү К.Сатыбалдиевдин да көзөмөлүндө болууда», - деди М.Миянов.

Буга чейин Жалал-Абад шаардык кечиктирилгис тез жардам бөлүмү санитардык гаражда иштеп жаткандыгы маалымдалган.

Маалым болгондой, тез жардам бөлүмү Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна карайт. Мындагы имараттын эскилиги жеткендиктен ӨКМ тарабынан кооптуу деп табылып, иштөөгө болбой турганы боюнча бүтүм чыккан.

Кызматкерлердин айтымында, катуу жаан-чачын учурунда шыптан тамчы өтөт, полдору да чирип калган. Ага карабастан алар элди тейлеп келишет.

Тез жардам кызматынын улуу фельдшери Д.Апышованын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун колдоосу менен утурумдук оңдоп-түзөө иштери болгон. Бирок имараттын эскилиги аларды түйшүккө салат.

«Имараттын шыбы да ийилип турат, дубалдарынан майда жаракалар кеткен. Биз жаңы келгенде оңдоп-түзөө иштери болгон. Андан бери бир дагы жолу оңдоло элек. Оор шартка карабастан элге кызмат кылып, өкмөттүн койгон тапшырмаларын аткарып жатабыз», - дейт улуу фельдшер Д.Апышова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1935
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×