Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Жалал-Абад

Жалал-Абад шаардык тез жардам бөлүмү санитардык гаражда иштейт, имарат кооптуу абалда (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаардык кечиктирилгис тез жардам бөлүмү санитардык гаражда иштешет. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалым болгондой, тез жардам бөлүмү Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна карайт. Мындагы имараттын эскилиги жеткендиктен ӨКМ тарабынан кооптуу деп табылып, иштөөгө болбой турганы боюнча бүтүм чыккан.

Кызматкерлердин айтымында, катуу жаан-чачын учурунда шыптан тамчы өтөт, полдору да чирип калган. Ага карабастан алар элди тейлеп келишет.

Тез жардам кызматынын улуу фельдшери Д.Апышованын айтымында, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун колдоосу менен утурумдук оңдоп-түзөө иштери болгон. Бирок имараттын эскилиги аларды түйшүккө салат.

«Имараттын шыбы да ийилип турат, дубалдарынан майда жаракалар кеткен. Биз жаңы келгенде оңдоп-түзөө иштери болгон. Андан бери бир дагы жолу оңдоло элек. Оор шартка карабастан элге кызмат кылып, өкмөттүн койгон тапшырмаларын аткарып жатабыз», - дейт улуу фельдшер Д.Апышова.

Былтыркы жылы тез жардам кызматына 12 миңден ашуун чакыруу болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1178
Көп окулду
×