Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда акыркы 3 жылда 59 бала асыроого берилген

Turmush -  Жалал-Абад шаарында акыркы үч жыл аралыгында соттун чечими менен 59 бала асырап алууга, 35 бала камкордукка берилген. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Айдай Адылбекова билдирди.

Анын айтымында, асыроого алынган балдар 3 жылга чейин катуу көзөмөлдө болот.

«Былтыр 25 бала асыроого, 13 бала камкорчулук көзөмөлчүлүккө берилген. Акыркы үч жылда 59 бала асыроого, 35 бала камкорчулукка берилди. Багууга берилген балдарды катуу көзөмөлгө алган мезгилде ар алты айда баланын жашоо шарттарын биздин кызматкерлер көрүп турушат. Баланын өсүүсү, жашоо шарты каралат. Эгерде баланы багып алган ата-эне мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе, ал кайтарылып алынат. 3 жылдан соң балдар 18 жашка толгонго чейин үстүртөн көзөмөлдөнүп турат», - деди А.Адылбекова.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1203
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×