Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Жалал-Абад

Жалал-Абадда реабилитациялык борбордо тарбияланып жаткан бир туугандардын энеси изделүүдө

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык борбордун биринде тарбияланып жаткан 3 жана 4,5 жаштагы бир тууган балдардын энеси изделүүдө. Бул маалыматты Жалал-Абад шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын балдар менен иштөө бөлүмүнөн тастыкташты.

Балдарды коргоо бөлүмү ырастагандай, 2014-жылы туулган кыз менен 2015-жылы туулган баланын апасы былтыркы жылдын жай мезгилинде кыйынчылыкка кабылгандыгын айтып, балдарын убактылуу жайгаштырып турууну суранган. Жашы жыйырмадан ашкан келин Базар-Коргон районунун тургуну болгон. Ал борбор шаардагы кафелердин биринде официант болуп иштеп, убактылуу батирде жашачу. Балдары менен жашап жаткан батир кооптуу абалда болгон.

Кошуналарынын айтымында, балдар нан менен суу ичип жүрө беришчү.

«Келиндин жашоо шартын, балдардын абалын көргөндөн кийин келин бир аз бутуна туруп алсын деп балдарды убактылуу тарбиялап турууга макул болгонбуз. Эне балдарынан тынбай кабар алып турчу. Эки айдай балдарына келип жатты, андан кийин дайынсыз болуп кетти. Бишкекте экендигин айтып, бир жолу байланышкан бойдон дарегин таппай жатабыз. Аны алысыраак жакындары аркылуу да издедик. Милицияга кайрылдык, азырынча дареги тактала элек», - деп маалымдашты аталган бөлүмдөн.

Маалым болгондой, социалдык кызматкерлер балдардын атасын табууга да аракет кылышканы менен жыйынтык болгон эмес. Анткени келин жолдошу менен мыйзамдуу никеге турбай, балдардын күбөлүктөрү жалгыз бой эне катары алынган. Төрт айдан бери эненин дайынын таппай жаткан бөлүмдүн кызматкерлери сотко кайрылууга мажбур болушкан.

«Бир тууган балдар бул жерде 6 ай гана тарбияланып турганга болот, андан ашык убакытка мыйзам жол бербейт. Мөөнөтү өтүп бараткандыгына байланыштуу дайынсыз болуп жаткан келинди энелик укугунан ажыратуу боюнча сотко арыз берүүгө аргасыз болдук. Себеби келин жүргөн жерин айтып, кабар да бербей жатат, балдарын сурап байланышка да чыга элек. Эне балдарын кайтарып алууну кааласа соттун чечими чыккандан кийин 6 ай убакыт берилет. Ошол аралыкта энелик укугун калыбына келтирип, балдарын кайтарып алса болот», - деп маалымдашты аталган бөлүмдөн.

Маалыматтарга караганда, келин өзү балдар үйүндө өсүп, кийин Сузак районуна келин болуп барган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1995
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×