Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 18.01.2018 12:44

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасы 4,9 млн млн сомго электрондоштурууга өтүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында заман талабына жараша электрондук тартипте иштөө режими үчүн монтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу аталган оорукананын жетекчиси Ж.Карабаев билдирди.

Анын айтымында, медициналык документациялар компьютердин жардамы менен электрондук системада жүргүзүлөт.

«Документтештирүү жана дары-дармектердин негиздүү берилүүсү оорукананын администрациясынын такай көзөмөлүндө болот. Дарыгерлерибиздин бейтаптарга жасаган аракеттерин байкап турууга дагы бир чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жалпы компьютер, интернет жана башкалары кошулуп 4 млн 996 миң 700 сом сарпталды», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×