Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 17.01.2018 18:09 Жаңыланды: 18.01.2018 09:27

Айыл турмушу: Жалал-абаддык Б.Ботиров нандын бир нече түрүн чыгарган чакан цех иштетүүдө (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарынын 34 жаштагы тургуну Бекмырза Ботиров нандын бир нече түрүн бышыруучу чакан цех ачып, бир нече адамды жумуш менен камсыздады. Аймактык кабарчы жеке ишкерден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ал өзү өндүргөн нан азыктарын Өзгөн жана Кочкор-Ата шаарларына сатат.

«Цехти иштетип жатканыма 3 жыл болду. Башында бир топ кыйынчылыктарга туш болдук. Жумушсуздуктун айынан таксист болуп иштеп жүрдүм. Тапкан акчама керектүү жабдыктарды акырындык менен ала баштадым. Арадан бир жылдай убакыт өтүп, цех ачтым.

Айрым аппараттарды коңшу Өзбекстандан алдыргам. Жумушту жаңы баштаган кезде өзүм түнү менен нан бышырып, эртең менен дүкөндөргө алып барып жарнамалачу элем. Нанды бышыруунун технологиясын студенттик кезимде өздөштүргөм. Жаңы иш баштап жаткан ишкерлерге мамлекет тарабынан колдоо болсо жакшы болмок. Мисалы жеңилдетилген насыялар берилсе иш ордулары дагы көбөймөк.

Азыркы тапта цехте 5 кызматкер иштейт. Аларга айлык акы төлөп берем. Эми жаңы меш алууну көздөп жатам. Эгер аны алсам, нан азыктарынын түрү көбөйөт. Жамаатыбыз чакан болгонуна карабай нанды көп жана сапаттуу бышырууга аракет кылабыз», - дейт ишкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×